Профсоюзный комитет

ОшМЮИнин профсоюздук комитети жогорку окуу жайдын админстрациясы менен биргеликте майрамдык  иш-чараларды уюштуруп,  эмгек жамаатына көтөрүнкү маанай тартуулап  турат.

 


                                                             ОРДО ОЮНУ 

  

ОшМЮИнин волейбол боюнча агайлар командасы

    

Профсоюздар арасындагы оюндардагы сыйлоо учуру

Маданий  иш чаралар

Ош МЮИ Аялдардын эл аралык майрамына карата спорттук мелдеш өткөрүү менен аларга сый урмат көрсөтүлү.

Ош МЮИнин техникалык кызматкелирине (COVID-19)пандемия - учурунда жардам көрсөтүлдү

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ
 КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КЕСИПТИК БИРГИЛИНИН VII СЪЕЗДИ

Ош МЮИнин 23-фераль Ата-мекенди коргочуулар күнүнө карата айымдар майрамдык маанай тартылоодо.

Ош МЮИнин кыз-келиндер жамааты аялдар конгрессинде.

Профсоюз күнүнө карата алдынкы кызматкерлерге сый-урмат көрсөтүлдү.

Ош МЮИнин профсоюз кызматкерлерине футбол боюнча мелдешти баштоо алдында.

Ош МЮИ Улуу жеништин 74-жылдыгын урматтоодо.

Ооган согушунун ардегерлери профсоюз кызматкерлеринин эсинде

ОшМЮИнин Бириккен кесиптик бирлик комитетинин

2021-жыл үчүн иш-планы:

 

I.   Президиумда каралуучу маселелер:

Март:

1.                  Институттун Бириккен кесиптик бирлик комитетинин 2021 жыл үчүн түзүлгөн иш-планы жөнүндө. (Жолоев Дүйшө Мамыевич)

2.                  Институттагы студенттик ашканаларды текшерүү. (Жолоев Дүйшө Мамыевич,  комиссия мүчөлөрү)

3.                  Уюштуруу маселелери.

4.                  Профсоюз комитетинин штаттык бирдиктерин жана жылдык сметасын бекитүү.

Июнь:

1.                  РПК БКнын VII сьездинин чечимдерин турмушка ашыруу жөнүндө. Аттокуров М. А.,    Д.М.Жолоев

2.                  Кызматкерлерди эмгек өргүүгө чыгарууда мыйзамдуулуктун сакталышы жана алардын жайкы эс алуусун уюштуруу жөнүндө. Д.М.Жолоев,

Сентябрь-октябрь:

1.                  Жамааттык келишимдин аткарылышы тууралуу, кошумча сунуштар менен толуктоолор

2.                  Жаңы кызматкерлерди  мүчөлүккө кабыл алуу тартиптери жөнүндө.

3.                  Мугалимдер жана карыялар күнүн белгилөө жөнүндө.

Ноябрь-Декабрь:

1.                  2021 жыл үчүн баштапкы профсоюз уюмдарынын аткарган иштери тууралуу.

2.                  2021 жылдын 11 айы үчүн профсоюз комитетинин ишмердүүлүгү жөнүндө.

3.                  Жаңы жылга даярдыктар жөнүндө.

4.     2021 жыл үчүн отчетторду ОПКга тапшыруу.

 

 Январь, Февраль, март, май

1.                  Институттун кызматкерлеринин (бөлүмдөрдүн) ортосунда кышкы спартакиаданы уюштуруу жана өткөрүү.  Дене тарбия кафедрасы  Профком.

2.                  23-февраль, 8-март, 21-март Нооруз, 9-май Улуу жеңиш күнү майрамдарына карата маданий-массалык жана спорттук иш-чараларды өткөрүү.

3.                  Республикалык универсиадага жана ОПК тарабынан уюштурула турган спартакиадага даярдыктарды көрүү жана активдүү катышуу.

4.                  Массалык-маалымат каражаттарында профсоюз комитетинин ишин чагылдыруу, алар менен тыгыз кызматташууну улантуу.

II.  Укуктуулукту коргоо:

1.                  Кызматкерлердин укуктук-ченемдик актылар жөнүндөгү билимдерин жогорулатууга карата ОПКнын тиешелүү адистери менен окуу, семинар уюштуруу.

2.                  Профсоюз мүчөлөрүнөн келип түшкөн арыздар, даттануулар, кайрылуулар менен иштөө, аларга мыйзам чегинде жардам берүү.

 

III Социалдык-экономикалык кызыкчылыктарды коргоо:

1.      Жамааттык келишимдин пункттарынын аткарылышын көзөмөлдөө.

2.      Социалдык жактан жардамга муктаж болгон кызматкерлер жардам көрсөтүү, аларга жеңилдиктерди берүү жөнүндө.                                                                        

3.       Кыскартууларга дуушар болгон кызматкерлерге мыйзам чегинде каралган төлөмдөрдүн берилиши, акысыз жана бала кароо үчүн эмгек эргүүгө чыккан кызматкерлерди жумушка чыгуу мөөнөтүн мыйзам чегинде көзөмөлдөө.

IV.           Эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздукту сактоо:

II квартал

1.                  Эмгекти коргоо, техникалык коопсуздукту сактоодо мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөө.

2.                  Окуу имараттарда студенттик жатаканада оңдоп, түзөөлөрдөн кийин кабыл алууга катышуу жана техникалык коопсуздукту сактоону көзөмөлдөө.

V.               Каржылык иштер:

1.                  2021-жыл үчүн профсоюз комитетинин каржылык отчетун даярдап, ОПКга, социалдык фондго, салык инспекциясына жана статистикалык башкармалыкка тапшыруу.

2.                  Мүчөлүк акыларды, мыйзам чегинде төлөнүүчү төлөмдөрдү тиешелүү органдарга өз убагында которуу.

3.                  Курорт-санаторияларга, пансионаттарга келген жолдомолорду бөлүштүрүү жана жай мезгилинде Ыссык-Көлдүн эс алуу жайларына кызматкерлерди жөнөтүүнү уюштуруу.

4.                  Текшерүү комиссиясы менен тыгыз мамиледе иштөө.

 

ОшМЮИнин  Бириккен

кесиптик бирлик

комитетинин  

төрагасы:                                                                                              Д.М. Жолоев

 

 профсоюз уюмунун жамааттык келишими