Кыргыз тилим-көөнөрбөс, өчпөс дилим

1072 22-09-2019 20:10
   Ош мамлекеттик юридикалык институттун Дистанттык технологияларды колдонуу менен сырттан окуу борборуна караштуу Конституциялык жана муниципалдык укук кафедрасы 2018-жылдын 20-сентябрь күнү кыргыз тилинин 30 жылдыгына карата "Кыргыз тилим-көөнөрбөс, өчпөс дилим" аттуу тегерек стол өткөрдү. Тегерек столду ОшМЮИнин окуу иштери боюнча проректору ю.и.к., проф.м.а., М.С.Арстанбеков ачып, студенттерди келе жаткан тил майрамы менен куттуктады. Тегерек столдо студенттер атайын баяндамаларды жасап, баяндамалар тегерек столдун катышуучуларын тема боюнча ар тараптуу кызыккан суроолорун беришип, кызуу талкуулоолор болду. ДТКмСОБдун мүдүрү Е.Т.Атамкулова тегерек столду жыйынтыктап, "кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн бүткүл күч-аракетибизди жумшап, алгылыктуу иш-аракеттерди жасообуз зарыл"- деп баса белгиледи.

Фото сюжет