Молодежный комитет

Ош мамлекеттик юридикалык институтунун Жаштар комитети

Ош мамлекеттик юридикалык институтунун Жаштар комитетини төмөнкү багыттар боюнча иш алып барат:

Ø Уюштуруучулук;

Ø Тарбиялык;

Ø Маданий иштер;

Ø Адептүүлүк;

Ø Спорттук иш-чаралар багытында;

 

ОшМЮИнин ар бир факультетинде декандын тарбия иштери боюнча орун басары жана факультеттин студсенаты менен Ош мамлекеттик юридикалык институтунун Жаштар комитети активдүү  иш алып барышат.

 

Ошондой эле ОшМЮИ Жаштар комитети  шаардык, республикалык жана эл аралык  деңгээлде өткөрүлүүчү  иш-чараларга активдүү катышышып, бир топ ийгиликтерди багынтууда. ОшМЮИде КВН, дебат, бийчилер командасы жана башка таланттуу студенттери ар кандай өткөрүлүүчү иш-чараларга  активдүү катышып окууу жайдын аброюн коргоого активдүү катышат. Ага мисал: 

Ø Парламенттик дебат оюну боюнча Ош шаарынын биринчилигинде 1-орун, 3-орун жана «Мыкты команда» номинацияларын жеёишти.

Ø Ош шаарында жайгашкан ЖОЖдор арасында «Encaunter» спорттук-интеллектуалдык оюнунда 1-орун;

Ø Улуттук Кызыл жарым Ай коомунун «Через гуманизма к миру» аттуу ЖОЖдор арасында өткөрүлгөн КВН-Викторинасында 1-орун;

Ошондой эле ОшМЮИнин Жаштар комитетинин алдында түзүлгөн Дебат клубунун катышуучу студенттери өз демилгеси менен азыркы мезгилдеги коомдогу болуп жаткан терс көрүнүштөрдү алдын алуу, көйгөйлүү маселелерди аныктоо жана ага жаштардын къз карашын аныктоо максатында «Жаштар эмне дейт?» теле-дебат таймашын Ош шаардык мэриясынын  жаштар комитетинин колдоосунда  уюштуруп,  ОшТВ телеканалында берилүүдө.

 

 

 

Иститутта  ар кандай тарбиялык багытта  төмөндөгүдөй иш-чаралар өткөрүлүп турат:

Ø «Мамлекеттин идеологиясын калыптандыруу-Кыргызстандын өнүгүүсүнө жана бүтүндүгүнө алып келүү»-деген темада жаштарды мекенчилдике тарбиялоо максатында иш-чаралар;

Ø «Жаштарды толеранттуулукка жана сабырдуулукка үндөө» семинар-тренингтер;

Ø «Жакшы окуп,  жакшы жүрүшүм-элиме кошкон үлүшүм» деген темада студенттер арасында талкуулар;

Ø Студенттерге маданий-эстетикалык аң-сезимин, деңгээлин жогорулатуу, стимул берүү максатында:

-«ОшМЮИнин  периси»

-«Чамдагыла жигиттер» кароо-сынактары жыл сайын уюштурулат;

Ø «Тарых жана маданият» жылына карата ар бир факультете, ар бир тайпада ар кандай темада куратордук сааттар;

Ø 2016-жыл «Тарых жана маданият» жылына карата Ош шаарындагы тарыхый имараттарга жана эстеликтерге студенттердин кызыгуусун жаратуу максатында «Encaunter» спорттук-интеллектуалдык оюну ОшМЮИ факультеттеринин студенттери  арасында;

Ø «Көп эл бир өлкө» аттуу Жаштар комитети тарабынан уюштурулган тегерек столдор;

Ø «Жаштар- жалындуу курак» аттуу факультеттер арасында ток-шоу программалар;

Ø «Кыргызстан-ыйык мекен биз үчүн, жащтарыңда менин бар чоң үмүтүм»  деген темада Жаштар комитети тарабынан дискуссиялар;

Ø «Өткөн менен учурду талдап келип, келечекти көрө билүү-бул чыныгы даанышмандык» деген темада студенттер арасында талкуулар;

Ø «Тоо ханышасы» аттуу Курманжан Датканын аял, эне, коомдук ишмер катары тарбиялык мааниде студент кыздар арасында диспуттар;

Ø «Мекенди сүйүү ыймандан» аттуу темада тегерек стол;

Ø «Өз баркын билсе эгер кыз бала, баскан жерин  гүлгө айлантмак дайыма» студент кыздар менен шаардагы алдыңкы аялдар менен жолугушуулар;

Ø «Эстелик жанына келип, энелер ыйлабагыла…» аттуу темада Жеңиш күнүнө карата чоң пограммадагы өткөрүү;

Ø «Мыйзам эл үчүн кызмат кылат» аттуу тегерек столдор;

Ø «Эрте кеткен турналар» аттуу тарбиялык мааниси жогору тасмаларды студенттерге көргөзүү ж.б.

 

27-ноябрь 2017-жыл. "Мамлекеттүүлүктү жана анын укуктук негиздерин бекемдөөдөгү жаштардын орду жана ролу" чөлкөмдүк студенттик илимий-практикалык конференциясы. ОшМЮИ башкы имаратында.

 ОшМЮИнин илимий иштери жана тышкы байланыштары боюнча биринчи проректору Абытов Б.К. Жаштар комитети менен биргеликте "Мамлекеттүүлүктү жана анын укуктук негиздерин бекемдөөдөгү жаштардын орду жана ролу" чөлкөмдүк студенттик илимий-практикалык конференциясын Кыргызстандын түштүк чөлкөмүндөгү окуу жайлардын  тагыраак ОшМУ, ОшТУ, ОГПИ, ОшМСУ, ЖАМУ, ЖЭИУ, БатМУ окуу жайларынын андан сырткары Урал Мамлекеттик Юридикалык Университетинен жана Сибир Мамлекеттик Университетинин студенттеринин өз докладтарын жөнөтүүсү менен жана катышуусунда өткөрдү. Андан сырткары илимий-практикалык конференцияга конок жана модератор катары Ош шаардык мэриясынын жаштар иштери боюнча комитетинен жана башка ЖОЖдордун Жаштар комитетинин төрагалары, өкүлдөрү катышты. Илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө 4 секция иш барып, алар:

1. «Мамлекеттүүлүктү жана анын укуктук негиздерин бекемдөөдөгү жаштардын орду жана ролу»  64 доклад

2. «Учурдагы жаштардын көйгөйлөрү»  53 доклад

3. «Азыркы гуманитардык жана так илимдердин көйгөйлөрү» 45 доклад.

 Конференциянын жүрүшүндө азыркы учурдагы жаштардын көйгөйлөрү, оорчундуу маселелери талкууга алынып, аягында жалпы катышуучулардын колдоосу менен резолюция кабыл алынып, тиешелүү тараптарга жөнөтүлүүсү үчүн макулдук берилди. Андан сырткары башка окуу жайлардан келген студенттер менен ОшМЮИнин студенттери достошуп, жакшы маанайда аягына чейин жылуу мамиледе чогуу болушту.