Институт
«Макулдашылды» ОшМЮИнин илимий иштери боюнча проректору, т.и.д., профессор Б.К.
Абытов _____________________ «______»___________2017-ж. | «Бекитемин» ОшМЮИнин ректору ю.и.к., профессор Э.С. Токторов ________________ «_____»_______2017-ж. |
НОВОСТИАнтиплагиат "Адвокатура башкаруу жана укук" факультетинин деканы юридика илимдеринин кандидаты доцент Маматазизова Эльмира Кубанычбековнанын тарбия иштери боюнча орун басары Токтомамбетова Кыял Кубанычбековна 3-декабрь куну 2ФАУПк-15 тайпасына мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Ибраимовдун 90-жылдыгына карата куратордук ачык сабакты декандын катышуусунда отту.Ош мамлекеттик юридикалык институтунун2017-2022-жылдарга илимий иштерининстратегиялык П Л А Н Ы2017-2022-окуу жылдарына ОшМЮИнин сапаттуу жана натыйжалуу юридикалык билим берүүнү негизги максат катары караоо менен бирдикте, заманбап, ички жана тышкы илимий-практикалык атаандаштыкка жооп бере ала турган илимий иш-чараларын турмушка ашыруу негизги милдет. Аталган милдет 2017-2022-окуу жылдарында ОшМЮИнин илимий иштерин, «магистратура», «аспиарнтура» бөлүмдөрүнүн ишин алга жылдыруу, окуу жараяны менен катар эле ОПК, студенттердин ар тараптуу илимий изилдөө иштерин натыйжалуу жүргүзүү негизги максат катары каралып, ишке ашырылат.
ОшМЮИнин 20017-2022-жылдарга илимий иштеринин стратегиялык планы учурдагы Президентибиздин, Өкмөтүбүздүн, Билим берүү жана илим министрлигинин билим берүү тармагын реформалоосунун алкагындагы «Кыргыз Республикасында 2020-ж. чейинки билим берүүнү өнүктүрүүнүн Концепциясынын» жана «Кыргыз Республикасында 2012-2020-жж. чейинки билим берүүнү өнүктүрүү Стратегиясынын» алкагында жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Аттестациялык комиссиясынын жаңы талаптарына, ага удаалаш Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №542 токтомуна жана ОшМЮИнин жалпы окуу-усулдук, илимий тарбиялык иштер боюнча стратегиясына шайкеш болуп, илимий изилдөө жана илимий практикалык иштерди жүзөгө ашырууга өбөлгө, шарт түзө ала турган иш аракеттерди камтыган.
Демек Ош мамлекеттик юридикалык институту стратегиялык планы да дал ошол жогоруда календардык, комплекстик пландарда көрсөтүлгөн негизги маселелерди камтыйт. Ошол эле кезде биздин институт аталган багытта түштүк чөлкөмүнүн, рынок талаптарынын жана атуулдардын укуктук, жеке кызыкчылыгын канааттандырууда илимий адистерди да даярдоону да көздөөрү кашкайган чындык. Ошондуктан Ош мамлекеттик юридикалык институттун 2017-2022-жылдарына камтылган илимий иштеринин стратегиялык планы бир катар негизги, приоритетүү багыттарды камтыйт. Алар:
· Ош мамлекеттик юридикалык институтунун стратегиялык планын «Кыргыз Республикасынын 2012-2020-жылдарына чейинки билим берүүнү өнүктүрүү Стратегиясынын», Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн илимий иштерге тийиштүү токтомдорунун алкагында жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Аттестациялык комиссиясынын жаңы талаптарына шайкеш ишке ашыруу;
· мамлекетиик деңгээлдеги тарыхый, саясий мааниге ээ олуттуу окуяларга байланышкан Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий жарлыктарын, Жогорку Кеңештин жана Өкмөттүн тиешелүү токтомдорун ишке ашыруунун илимий-практикалык жагын биздин института толук камсыз кылуу;
· Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана ага караштуу Кыргыз Реcпубликасынын ББИМ, Жогорку аттестациялык комиссиясынын илимий жаатагы баардык иш араккеттерин, өзгөргөн жаңы талаптарын илимий иштерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өз убагында факультеттердин, кафедралдардын жамаатына жана илимий изилдөөчүлөрдүн назарына жеткирүү, алардын маани маңызын кенен түшүндүрүү;
· ОшМЮИнин аброюн көтөрүү максатында баардык эл аралык, чөлкөмдүк жана ЖОЖдор аралык илимий-практикалык конференцияларга активдүү катышуу жана ОшМЮИнин алдында жогоруда көрсөтүлгөн конференцияларды уюштуруп, турмушка ашыруу;
· ÎшÌÞÈ ïðîôåññîðäóê-îêóòóó÷óëàð æàìààòûíûí ñàïàòòûê êóðàìûí æàêøûðòóó максатында институттун алдындагы магистратуранын, аспирантуранын жана докторантуранын ишин иштиктүү жандандыру;
· ОшМЮИнин Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн иш аракетин натыйжалуу аракеттер менен бекемдөө, аны күчтүү дарамети бар, эл аралык карым-катнаштарды, ар түрдүү илимий практикалык проектилерди, программаларды мыкты түшүнгөн жана аларды, башка ар түрдүү чакан инвестицияларды тартууга кудурети жеткен адистер менен толуктап, иштиктүү жана натыйжалуу аракеттерди кылуу мезгил талабы
· ОшМЮИнин окутуучуларынын илимий изилдөө иштерине тиешелүү шарттарды түзүү (чыгармачылык дем алуу, компьютердик-техникалык жардам, илимий командировка, диссертацияларды талкууну уюштуруу ж.б.);
· чет өлкөлөрдөгү юридикалык билим берүүчү окуу жайлар, илимий изилдөөчү уюмдар менен өз ара кызматташтыкты, эки тараптуу мамилерди түзүү, анын алкагында студенттерди, магистранттарды жана аспиранттарды (3,6 айлык, 1 жылдык мөөнөткө окутууга) жана окутуучуларды тажрыйба алмаштыруу максатында стажи ровкалардан, квалификациясын жогорулатуу курстарынан окутуу, илимий иш сапарларын уюштуруу;
· ОшМЮИнин базасына чет өлкөлүк ар түрдүү илимий-практикалык проекттерди, гранттарды жана чакан инвестицияларды тартуу;
· ОшМЮИнин «магистратурасынын», аспирантурасынын ишин жандандыруу, контингентин көбөйтүү, алардын окуу пландарынын оптималдуу түзүлүшүн көзөмөлдөө;
· окутуучулардын кандидаттык,докторлук диссертацияларынын үстүнөн иштөөсүн,алардын талкууланышын уюштуруу, жаш окутуучуларды жана изденүүчүлөрдү иш жүзүндөгү илимий изилдөө иштерине кеңири тартуу;
· кафедралардын аспиранттар, изденүүчүлөр курамын тактоо, алардын илимий иштеринин аткарылышын иштиктүү көзөмөлдөө;
· кафедралардын базасында көйгөйлүү маселелер боюнча илимий окууларды, жумалыктарды, декадаларды жана илимий-практикалык конференцияларды, семинарларды туруктуу уюштуруу;
· институттун окутуучулары тарабынан даярдалган илимий макалаларды, эмгектекрди басмадан чыгарууга ар тараптуу көмөк кылуу;
· ОшМЮИнун студенттерин ар тараптуу жана ар түрдүү эл аралык илимий-практикалык семинарларга, проекттерге, гранттарга жана студенттик изилдөө иштерине тартууга өбөлгө түзүү;
· Олуттуу тарыхый-саясий даталарга, орчундуу укуктук проблемаларга, мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө байланыштуу чөлкөмдүк, республикалык жана эл аралык конференцияларды өткөрүү;
· студенттерге, калктын кенен катмарында укуктук маданияттын калыптануусуна ар тараптуу шарттар, өбөлгөлөрдү түзүп, аларды турмушка ашыруу ОшМЮИнин негизги вазыйпаларынын бири катары каралуусу негизги милдеттердин бири;
· ОшМЮИнин студенттери арасында өлкөдөгү сот реформасы, алардын натыйжалары тууралуу кеңири маалыматьтарды берүү, ар түрдүү форматтарда тегерек столдорду, талкууларды, дискуссияларды уюштуруу.






