Ооган согушунун ардагерлери менен жолугушуу.

172 22-02-2021 12:39

   «Гуманитардык жана табигый илимдер» кафедрасы тарабынан уюштурулган Афганистандан Советтик армиянын чыгарылган күнү (1989-жыл 15-февраль)  жана 23-февраль Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө  карата  Ооган согушунун ардагерлери менен  жолугушуу болуп өттү.


ООГАН СОГУШУ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ


           1979 - жылдын 25 - декабрында Ооганстанга советтик аскерлер киргизилип, 1989 - жылдын 15 - февралында чыгарылган. Ушул  убакыт  ичинде 620 миӊдей советтик офицер, жоокер  кызмат  өтөп,  согушта  15 миңдей жоокер көз жумуп, 54 миңи жараат алышкан. 
          Кыргызстандан да 7141 тургун согушка катышып, душмандын  колунан 300д
өн ашуун адам каза болсо, 1500 жоокер жараат алып, 4 жоокер дайынсыз жоголгон. Өлкөбүздөн 2 адам Советтер Союзунун Баатыры наамын алган. Алар:  Юрий Исламов (каза болгондон кийин сыйланган) жана Сергей Гущин (учурда Орусияда жашайт).

Фото сюжет