Туштук аймактын окуу жайлары арасында волейбол боюнча өткөрүлгөн мелдештен 1-орунду ээледик

118 20-02-2021 22:16
Ошто түштүк аймагы боюнча жаштар  арасында 23-февраль Ата Мекенди коргоо күнүнө карата жогорку жана  орто окуу жайларынын студенттер  арасында волейбол боюнча мелдеш өткөрүлдү.  Ага жалпысынан 28 команда катышып, мелдештин финалдык таймашында Ош мамлекеттик юридикалык институтунун  курама командасынын студенттери 1-орунду багындырышты. Ош шаардык дене-тарбия жана спорт комитети тарабынан дипломдор, кубоктор жана баалуу белектер менен сыйланышты.  Катышуучуларды 23- февраль Ата Мекенди коргоо күнү менен дене тарбия жана спорт комитетинин кызматкерлери, спортчуларды жана күйөрмандардын майрамдары менен куттуктап, ийгиликтерди каалады. Жеңишке жеткен студенттерди Ош мамлекеттик юридикалык институтунун студенттери жана мугалимдер жамааты куттуктайбыз!!!

Фото сюжет