ОшМЮИде факультеттер аралык спорттук мелдештер башталды

105 12-11-2021 09:46
10-ноябрьда Ош мамлекеттик юридикалык институтунда салтка айланган факультеттер аралык спорттук мелдештер башталып, алгач баскетбол боюнча кыздар жана балдар командалары оюн көргөзүштү. Спорттук мелдеш "Дене тарбия" кафедрасынын окутуучуларынын калыстыгы менен, факультеттин командаларынын күйөрмандарынын коштоосунда кызуу жүрүп жаткан учур. Мелдештер 17-ноябрьга чейин төмөндөгүдөй спорттун түрлөрү боюнча өткөрүлөт:
1. Баскетбол 10.11.2021
2. Тогуз коргоол 11.11.2021 
3. Шахмат 11.11.2021 
4. Ордо оюну 12.11.2021
5. Стол тенниси 12.11.2021
7. Футбол 15.11.2021
8. Волейбол 16-17.11.2021 
Мелдештин жыйынтыгы  финалдык беттештер менен жеңген командаларды сыйлоо аземи менен аяктайт.

Фото сюжет