Кыз ала качуу салтпы же кылмышпы?

417 06-05-2021 15:13

 ОШ МАМЛЕКЕТТИК ЮРИДИКАЛЫК ИНСТИТУНУН ДИСТАНТТЫК  ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫ  КОЛДОНУУ  МЕНЕН  СЫРТТАН ОКУУ  ФАКУЛЬТЕТИне караштуу

КОНСТИТУЦИЯЛЫК ЖАНА МУНИЦИПАЛДЫК УКУК КАФЕДРАСЫ

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Б.Бейшеналиевдин 2021-жылдын 15-апрелиндеги № 02-782 буйругуна шайкеш, студенттердин арасында зомбулук көрүнүштөргө жол бербөө, никеге туруу максатында адамды уурдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 175-беренеси менен белгиленген буйрукка ылайык

«Кыз ала качуу салтпы же кылмышпы?» аттуу тегерек стол 3 май күнү саат 13:00дө ОшМЮИнин башкы корпусунун 202-аудиториясында  болуп өттү

Тегерек столго ОшМЮИнин илимий иштер жана эл аралык байланыштар боюнча проректору,  т.и.д.,

проф. Абытов Б.К.,

ДТКМСОФнин деканы ю.и.к.,доц.Атамкулова Е.Т., кафедранын окутуучулар жамааты жана студенттер катышты.

Тегерек столдун журушундо Соттук- прокурордук, Адвокатура, башкаруу жана укук факультетинин студенттери тарабынан атайын даярдалып келген докладдарын баяндап беришти

2СПк-19 тайпасынын студенти Пирматов Э.Акыркы мезгилдеги кыз ала качуу боюнча берилген статистикалык маалыматтар боюнча слайд.

 

2СПк-19 тайпасынын студенти  Тайырбек кызы А. “Кыз ала качуу кыргыз элинде салт  катары”

“Кыз ала качуу оор кылмыш”. 1ФАУПк-20 тайпасынын студенти Таалайбекова Б.

Тегерек стол кызуу талкулоо менен жыйынтыкталды

Фото сюжет