«Баатырларга таазим»

1477 03-05-2019 13:55

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин   1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы «Жеңиштин 74 жылдыгын» майрамдоо жөнүндө 24.04.2019-жылдын № 476ү1  буйругунун негизинде, «Баатырларга  таазим» - темасында ОшМЮИнин  Адвокатура, башкаруу жана укук факультетинин жана Тергөө- криминалистика факультеттери тарабынан уюштурулган  Улуу- Ата мекендик согуштун катышуучуларынын балдары Эшалиева Хализа жана Насиров Т.Н. катышуусунда тегерек стол өткөрүлдү.                                                                                                                                                    Эмгек ардагери Эшалиева Хализа өзүнүн атасы Эшалиев Дербишалы  Улуу-Ата мекендик согуш башталып, Ата-Мекенди 1941-жылы коргоого кеткендиги. Украина Согуш талаасында баатырларча курбан болуп, сөөгү кайсыл жерде калгандыгы дайынсыз болгон. Көп жылдык издөөлөрдүн натыйжасында атасынын дареги табылып, 2016- жылы Алай районун Үч-Дөбө айылында эстелиги орнотулду.                              

  Ал эми Насиров Т.Н.өзүнүн атасынын жаркын элесине арнап жазган «Жоокердин тагдыры» аттуу китеби жөнүндө жана согуш башталгандан акырына чейин Ала – Тоодон барышкан эр азаматтардын өлбөс – өчпөс эрдиктерди жаратышкандыгы  тууралуу баяндама берди.

Фото сюжет