2018-жылдын 28-ноябрында балдар кенеши (мужсовет) өткөрүлдү.

1430 28-11-2018 15:11
Жаш муундарды рухий, адептик жана патриоттук жактан тарбиялоо максатында уюштурулган иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарада балдардын ден соолугу, таалим-тарбия маселеси боюнча жогорку категориядагы врач дермато-венеролог Эргешов Искендер Эргешович, Ош шаарынын казысы Убайдылла ажы Сарыбаев, юридикалык колледждин участкалык милициясы, ага лейтенант Айсаев Кыялбек Бөрүгуловичтердин катышуусу менен бүгүнкү күндөгү адеп-ахлак, жүрүм-турум маселеси жана зордук- зомбулуктардын алдын алуу боюнча кеп кеңештерин айтышып, суроо-жооп иретинде баарлашуу болду. Айрыкча врач дермато-венеролог Эргешов Искендер Эргешович СПИДдин бүгүнкү күндөгү өрчүп-өнүгүшү алардын түрлөрү, Ош шаарында катталган жана катталбай жүргөн жарандар жөнүндө кеңири, түшүнүктү кылып айтып берди.

Фото сюжет