Факультеттер аралык «КҮЧТҮҮ ЗВЕНО» аттуу интеллектуалдык таймашы

131 02-04-2021 09:39

ОшМЮИнин ректорунун кубогуна арналган «Күчтүү звено» аттуу интеллектуалдык оюндун жыйынтыгы боюнча маалымат:

       Бүгүн, 2021-жылдын 30-мартында  Ош мамлекеттик юридикалык институтунда «Мамлекеттин, укуктун теориясы жана тарыхы» кафедрасы тарабынан  «Мамлекет жана укук теориясы» дисципинасы боюнча ректордун кубогуна арналган жыл сайын өтүлүүчү факультеттер аралык  бүтүрүүчү курстун студенттеринин арасында «Күчтүү звено» аттуу интеллектуалдык таймаш өткөрүлдү.

            Бул интеллектуалдык таймашты ОшМЮИнин ректору, ю.и.к., профессор Токторов Эгемберди Самидинович  ачып, кириш сөз сүйлөдү жана катышуучуларга ийгилик каалады.          

            Оюнга негизинен 8 студент катышты.

            Таймаштын жүрүшүндө ОДнин башчысы, доц.м.а. Аскаров Замир Кеңешович, МУТТ кафедрасынын профессорунун м.а., ю.и.к. Тайлакова Салия Дженишбековна, ю.и.к., доцент Колсариева Назира Шаршенбековна  эсептөө комиссиясы болушту. Ал эми модератор кызматын ага окутуучу Маматашимов Данияр Султаналиевич, техникалык модератор кызматын Асанова /мүтай Алибаевна аткарышты.

            Таймаштын акырынды ОшМЮИнин ректору ю.и.к., профессор Токторов Эгемберди Самидинович жана «Мамлекеттин, укуктун теориясы жана тарыхы» кафедрасынын башчысы ю.и.к., доц.м.а. Жаанбаева Чолпон Каныбековна сөз сүйлөштү жана институттун байгелүү орундарды ээлеген катышуучуларга 1-2-3-даражадагы дипломдор жана интеллектуалдык оюнга активдүү катышкандыгы үчүн ардак грамоталарын, баалуу белектерин жана акчалай сыйлыктарды тапшырышты.

             Оюндун жыйынтыгы боюнча, төмөнкү студенттер тиешелүү орундарды ээлешкендиги үчүн институттун атынан диплом жана ардак грамоталар менен сыйланышты.

3-орунга Юридикалык колледждин студенти– Бакир кызы Айпери;

2-орунга Соттук-прокурордук факультетинин студенти -  Равшанбекова Мээримай;

1-орунга, ОшМЮИнин ректорунун кубогуна тергөө криминалистика факультетинин студенти –Сулайманова Мээрим ээ болду.

Интеллектуалдык оюнга активдүү катышкандыгы үчүн төмөнкү студенттер ардак грамоталар менен сыйланышты:

Тергөө криминалистика факультетинен- Орозбаев Эрзат;

Укук жана ишкердүүлүк факультетинен- Толубаева Диана;

Юридикалык колледждин студенти- Бакытбек уулу Абдулла;

Соттук-прокурордук факультетинен- Темирбек уулу Асамидин;

Укук жана ишкердүүлүк факультетинен- Урматбек уулу Динислам;.

 

 

Ишти уюштуруучу жана баяндамачы:                   Маматашимов Д.С. 

Фото сюжет