Ооган согушунун ардагерлери менен жолугушуу.

64 22-02-2021 12:39

   «Гуманитардык жана табигый илимдер» кафедрасы тарабынан уюштурулган Афганистандан Советтик армиянын чыгарылган күнү (1989-жыл 15-февраль)  жана 23-февраль Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө  карата  Ооган согушунун ардагерлери менен  жолугушуу болуп өттү.


Программасы:

 1.    ЮКнин директору, ю.и.к., доцент Ураимова Толгонай Абдимомуновнага сөз берилет

2.    «Гуманитардык жана табигый илимдер» кафедрасынын башчысы т.и.к., доцент Маматов Абдыкерим  Ооган согушунун тарыхы боюнча кыскача маалымат берет.

                            Сөз Ооган согушунун  ардагерлерине берилет:

1.      Нурматов Эркиналы Токтосунович  полковник,  2 жолку Кызыл – Жылдыз орденинин ээси.

2.      Сатинбаев Исматилла Амирович Кызыл Жылдыз орденинин ээси.

 3.      Ражапов Орузбай Талипович – майор.

ООГАН СОГУШУ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ


           1979 - жылдын 25 - декабрында Ооганстанга советтик аскерлер киргизилип, 1989 - жылдын 15 - февралында чыгарылган. Ушул  убакыт  ичинде 620 миӊдей советтик офицер, жоокер  кызмат  өтөп,  согушта  15 миңдей жоокер көз жумуп, 54 миңи жараат алышкан. 
          Кыргызстандан да 7141 тургун согушка катышып, душмандын  колунан 300д
өн ашуун адам каза болсо, 1500 жоокер жараат алып, 4 жоокер дайынсыз жоголгон. Өлкөбүздө
н 2 адам Советтер Союзунун Баатыры наамын алган. Алар:  Юрий Исламов (каза болгондон кийин сыйланган) жана Сергей Гущин (учурда Орусияда жашайт).

Фото сюжет