Эне тили күнү белгиленди.

92 21-02-2021 10:04
      21- февраль Эне тили күнүнө карата ОшМЮИнин Укук жана ишкердүүлүк факультети ОшКӨУнун Дем инновациялык тренинг клубу менен биргеликте "Тил тагдыры - эл тагдыры" атту онлайн семинар (вебинар) уюштурушту. Вебинарга ОшМЮИнин УжИФнин окутуучу-профессордук курамы, студенттери, ОшКӨУнун студенттери жана башка коноктор катышышты. Вебинардын жүрүшүндө ОшКӨУнун доценти билим берүүнүн мыктысы, Ыйык тил төш белгисинин ээси Дилишатов Өскөнбай Ураимович видеоролик , доклад жасап, катышуучулар тарабынан суроолорго жооп берди, ошондой эле ОшМЮИнин УжИФнын деканы, ю.и.к., доценттин м.а. Эргешов Адыл Көчкөнбаевич сөз сүйлөп иш-чаранын уюштуруучуларына жана катышуучуларына терең ыраазычылык билдирүү менен жалпы элди майрамы менен куттуктады.  ОшМЮИнин УжИФде мындай иш-чаралар мындан кийин да онлайн жана офлайн режимдерде тынымсыз уюштурулуп тураарын белгиледи.

Фото сюжет