19 - февраль күнү Тилдер кафедрасы тарабынан 21-февраль Эл аралык эне тил күнүнө карата "Дүйнөдөгү бардык элдин, ыйык көргөн тили бар" аттуу, салтанаттуу иш-чара болуп өттү

328 20-02-2021 21:30
Иш-чаранын башталышында КРнын гимни менен башталып, окуу иштери боюнча проректору ю.и.к профессор М.С. Арстанбеков жана Илимий изилдөө иштери жана Эл аралык байланыштар боюнча проректору т.и.д. профессор Б.К. Абытов сөз сүйлөшүп, жалпы катышуучуларды Эл аралык эне тил күнү менен куттукташты. 21-февраль - Эл аралык эне тил күнүнүн келип чыгыш тарыхы боюнча ОшМЮИнин мамлекеттик тил боюнча проректору ф.и.к  А.К. Жунусов кыскача баяндама берди. Иш-чаранын маданий бөлүгүндө сегиз улуттун өкүлдөрүнөн турган төмөнкү топтор өз эне тилдеринде көркөм окуп, ошол элдин каада-салтын, үрп-адатын, маданиятын  айтып өтүштү.
  1. Кыргыз тили
  2. Орус тили
  3. Казак тили
  4. Түрк тили
  5. Татар тили
  6. Таджик тили
  7. Өзбек тили
  8. Англис тили

Фото сюжет