Юридикалык колледжде ата-энелер чогулушу өткөрүлдү.

66 20-02-2021 13:05
      2021-жылдын 19-февралында ОшМЮИнин Юридикалык колледжинин директораты Юридикалык колледждин 2-курсунун орус тайпаларынын студенттеринин ата-энелери менен чогулуш өткөрдү. Ата-энелер чогулушунда ЮКнын директору, ю.и.к., доцент Т. А.  Ураимова ОшМЮИнин, Юридикалык колледждин ички тартиби, азыркы кырдаалга байланышту уюштурулуп жаткан онлайн форматындагы окуу сабактары, сабакка катышуу, жетишүү жана окуу төлөмдөрү боюнча маалымат берип, ата-энелердин суроолоруна жооп берип, сын-пикир, сунуштарын укту. Онлайн сабакка катышуунун тартиби, сабакка катышпаган студенттер жөнүндө маалымат айтылып, ал студенттер боюнча ата-энелерге эскертүүлөр берилди. Алдыда азыркы кырдаалга байланыштуу дагы башка группалардын ата-энелери менен чогулуш болоору айтылды

Фото сюжет