ОшМЮИде аралыктан Окумуштуулар кеңеши өткөрүлдү

302 03-05-2020 10:38

Бүгүн 2020-жылдын 2-майында ОшМЮИде аралыктан  кезектеги  Окумуштуулар кеңеши,  курамдын  толук катышуусу менен болуп  өттү. Окумуштуулар кеңешин ректор Э.С.Токторов өзү алып барды. Негизинен эки маселе каралды.

 1.2019-2020-окуу жылында бүтүрүүчүлөрдүн  МАКка даярдыгы жөнүндө маалыматтары.

 2. 2020-2021 –окуу жылынын  Кабыл алуу комиссиясынын аткарып жаткан иш аракеттери  боюнча маалыматтары.

     Биринчи маселе боюнча факультеттердин декандары, магистратура бөлүмүнүн башчысы  жана юридикалык колледждин директору быйылкы бүтүрүүчүлөрдүн канчалык деңгээлде МАКка даярдыктары жөнүндө кыскача маалыматтарын беришти. Ректорубуз Э.С.Токторов декандардын маалыматтарынан кийин кырдаалга байланыштуу кээ бир иш аракеттердин толук аткарылбагандыгын эске алып, аларды тез аранын ичинде аткарууну жана бүтүрүүчүлөргө аралыктан МАКка тийиштүү болгон  маалыматтар менен өз убагында камсыз кылууну  милдеттендирди. Жогорудагы иштердин аткарылышына көзөмөлдөө жүргүзүү  Окумуштуулар кеңешинин сунушунун негизинде Окуу иштери боюнча проректору  М.С. Арстанбековго жүктөлдү .

   Экинчи маселе боюнча Кабыл алуу комиссиясынын жоопту катчысы Н.А.Пазылов аткарып жаткан иш аракеттери боюнча маалымат берди. Кабыл алуу комиссиясы тарабынан быйылкы  абитуриенттерге ОшМЮИнин рекламалык баракчалары кыргыз жана орус тилдеринде, ошондой эле  кыскача видео-роликтер чыгарылгандыгын  айтып, үгүттөө иштери  жергиликтүү гезиттер жана телеканалдар аркылуу жүрүп жатканына токтолду. Ректор жана Окумуштуулар кеңештин мүчөлөрү Кабыл алуу комиссиясынын иш аракеттерин дагы да күчөтүүнү сунуштады.

    Окумуштуулар кеңешинде жана башка ар түрдүү маселелер каралып, талкууланып тийиштүү чечимдер кабыл алынды.

    Кеңештин аягында ректор Э.С.Токторов  жалпы жамаатка аралыктан иштөөдө ийгиликтерди каалап, ыйык Рамазан айы  жана келе жаткан майрамдар менен куттуктады.

Фото сюжет