Ак калпак күнүнө карата иш-чара уюштурулду.

174 05-03-2020 13:39

   5-март Ак калпак күнүнө карата ОшМЮИнин Юридикалык колледжинин директору, ю.и.к., доцент Ураимова Толгонай Абдымомуновнанын демилгеси менен майрамдык иш-чара уюштурулду. Окутуучу агайлар жана студенттер ак калпак кийишип, жалпы биргеликте колледжибизге кирип келишип, Кыргызстандыктарды калпак күнү менен куттукташты. Иш-чаранын соңунда калпактын маани-маңызы, түрлөрү жана калпак күнүн белгилөөнүн тарыхы жөнүндө кеңири маалымат берилди. 

Фото сюжет