Күчтүү звено

1019 10-12-2019 21:24

ОшМЮИнин ректорунун кубогуна арналган интеллектуалдык оюн ”Күчтүү звено”

         Ош мамлекеттик юридикалык институтунда Мамлекеттин, укуктун теория жана тарыхы кафедрасы тарабынан  «Мамлекет жана укук теориясы», дисципинасы боюнча ректордун кубогуна арналган жыл сайын өтүлүүчү факультеттер аралык 4-курстун студенттеринин арасында «Күчтүү звено» аттуу интеллектуалдык таймаш өткөрүлдү.

         Бул интеллектуалдык таймашты ОшМЮИнин ректору, ю.и.к., профессор Токторов Эгемберди Самидинович ачып, кириш сөз сүйлөдү жана студенттерге ийгилик каалады.        

         Оюнга негизинен 8 студент катышты.

         Таймаштын жүрүшүндө калыстар тобунун төрагасы ОДнин башчысы Аскаров Замир Кеңешович, мүчөлөрү ю.и.к.,доцент Колсариева Назира Шаршенбековна, ага окутуучу Кодолов Маматкаим Сатыбалдиевич болушту. Ал эми модератор кызматын ага окутуучу Маматашимов Данияр Султаналиевич, техникалык модератор кызматын Асанова Үмүтай Алибаевна аткарышты.

          Оюндун жыйынтыгы боюнча, төмөнкү студенттер тиешелүү орундарды ээлешкендиги үчүн институттун атынан диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланышты:

3-орунга Тергөө-криминалистика факультетинин студенти–Шеркулов Нурбай;

2-орунга Тергөө-криминалистика факультетинин студенти-  Кубатбеков Нуржигит;

1-орунга,ОшМЮИнин ректорунун кубогуна Адвокатура, башкарууу жана укук факультетинин студенти –Нурбекова Айгерим ээ болду.

Интеллектуалдык оюнга активдүү катышкандыгы үчүн төмөнкү студенттер ардак грамоталар менен сыйланышты:

Укук жана ишкердүүлүк факультетинен- Темирбеков Сыймык;

Соттук-прокурордук факультетинен- Капаркул кызы Бекзада;

Соттук-прокурордук факультетинен- Кучканова Манзура;

Укук жана ишкердүүлүк факультетинен- Бегалиева Меридиана; Адвокатура, башкарууу жана укук факультетинен- Назарбаева Айзирек.

 

 

 

 

Фото сюжет