“Ажал бизди алып кетсе, эл эмгектен эскерет” А.Орозбеков

75 29-11-2019 10:32

Кыргызстан совет доорундагы ири мамлекеттик ишмери, кыргыз совет мамлекетин негиздөөчүлөрүнүн бири Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгына карата Мамлекеттин, укуктун теория жана тарыхы кафедрасы тарабынан тегерек стол уюштурулду.

Анда алгач ОшМЮИнин окуу иштери боюнча проректору ю.и.к., проф.м.а. М.С.Арстанбеков ачып берди.

Иш-чарага т.и.к., доцент С.Осмонов, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, скульптор М.Камчыбеков, ЭлТР телеканалынын алып баруучусу А. Молорбаев төкмө акын И.Айитбаев өздөрүнүн баяндамалары, маалыматтары менен бөлүшүп кетишти. Ошондой эле МУТТ кафедрасынын доц.м.а. Төрөбай Насиров “А.Орозбековдун саясий аренага келиши” деген темада баяндама жасады. Ал мурда эч жерде маалымдамаларда жарык көрбөгөн, көпчүлүккө белгисиз фактыларды айтып тегерек столдун катышуучуларынын кызыгуусун арттырды.

Буга чейин кафедранын окутуучусу А.Айтбаев тарабынан А.Орозбеков тууралуу сурамжылоо жүргүзүлүп видеого тартылган, ал тегерек столдун жүрүшүндө көрсөтүлдү.

1ФАУПк-18 тайпасынын студенттери Анарбаева Айтунук, Мамажан кызы Айзада, Зайирбек кызы Роза жана Жээнбаева Мадиналар тарабынан Абдыкадыр Орозбеков жөнүндө кызыктуу маалыматтарды камтыган слайдды презентациялашты.

 

Фото сюжет