7-ноябрь Улуу Октябрь Социалисттик революциянын 102 жылдыгы.

79 06-11-2019 15:43

6-ноябрь күнү Юридикалык колледжде «ТжГИ» кафедрасынын эмгек жамааты тарабынан «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө» карата илимий-практикалык семинар уюштурулду. Семинарды кафедра башчысы, т.и.к., доцент А. Маматов ачып, бул даталуу күн жөнүндө кеңири маалымат берип, кыргыз мамлекеттүүлүгү, тарыхый көтөрүлүштөр, окуялар, Кокон хандыгы, Улуу октябрь революциясы, репрессиялар тууралуу айтып берди. Программанын жүрүшүндө Мамлекеттик тил боюнча проректор, профессор К. Ибрагимов, доцент А. Алибаевдер сөзгө чыгышты. Акырында кафедра башчысы, т.и.к., доцент А. Маматов студенттерди жана окутуучуларды алдыдагы майрамдар менен куттуктап жыйынтыктады. 

Фото сюжет