Т.Усубалиевдин 100 жылдыгына карата тегерек стол

51 06-11-2019 15:21


Үстүбүздөгү жылдын 6-ноябрь күнү Дистанттык технологияларды колдонуу менен сырттан окуу борборуна караштуу Конституциялык жана муниципалдык укук кафедрасы Усубалиев Турдакун Усубалиевичтин 100 жылдына арналган тегерек стол өткөрдү. Тегерек столду ОшМЮИнин ректору ю.и.к., профессор Токторов Эгемберди Самидинович ачып Т.Усубалиевдин кыргыз элине кылган эмгеги, жасаган иш аракеттери, жөнүндө айтып, ал кишинин “Кыргыз элинин уулумун, кыргыз элиме кызмат кылам” деген инсан катары бүткүл кыргыз элине сиёип калганын айтты.

Ректорду улай институттун илимий иштер жана эл аралык байланыштар боюнча проректору Абытов Б.К. “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү” күнүнө карата өткөрүлүп жаткан иш чаралардын катарын толуктаган бүгүнкү тегерек столго ийгилик каалап, Т.Усубалиевдин кылган эмгектери, адамгерчилиги көп жыл бою Кыргызстандын алдынкы кызматтарында жүрсө да мамлекеттин казынасына кол салбагандыгы жана жөнөкөйлүгүн айтып өттү.

 Андан соң Т.Усубалиев жөнүндө кыска метраждуу видео тасма көрсөтүлүп, студенттер тарабынан атайын докладдар окулду. Жыйынтыгында Т.Усубалиев тууралуу 10 айтылбаган фактылар көрсөтүлүп, факультеттин мүдүрү жана кафедра башчысы тарабынан студенттерге каалоо сөздөр, уюштурган А.Т.Акпаровага ыраазычылыктар айтылды. 

Фото сюжет