ОшМЮИде БИЛИМ майрамы белгиленди.

79 03-09-2019 20:33
 ОшМЮИде БИЛИМ майрамы белгиленди. 
  2-сентябрь Ош мамлекеттик юридикалык институтунун юридикалык колледжинде 31-августь өлкөбүздүн эгемендүүлүк күнүнө жана 1-сентябрь билим кунүнө  карата  майрамдык салтанат болуп өттү. 
Аталган иш чара  жаңыдан билим уясынын босогосун аттаган абитуриенттердин, студенттердин, ата-энелердин жана жалпы окуу жай жетекчилигинин катышуусунда башталды. Алгач,  окуу жайдын окуу иштери боюнча проректору, ю.и.к., профессор Арстанбеков Мамасалы Сарбашович сөз сүйлөп, иш чаранын катышуучуларын билим күнү менен куттуктап, мындан аркы окууларына жана иштерине ийгилик каалоо менен биргеликте, мамлекеттин келечеги билимдүү жаштардын колунда экенин баса белгилеп, мындан сырткары студенттик мезгилдин убактысын туура пайдаланануу менен алдыга кадам таштоого чакырып өттү. 
 Салтанаттын соңунда  1-курстун студенттерине окуу жайды тааныштыруу жана тайпаларга бөлүштүрүү иштери жүргүзүлдү.

Фото сюжет