Ректордук шайлоо

251 01-08-2019 18:32
 2019-жылдын  29-июль күнү, ОшМЮИде ректорлук шайлоо болуп өттү. Шайлоону уюштуруу комиссиясына үч талапкердин арызы түшкөн. Шайлоого жалпы 162 шайлоочу катталып, 151 шайлоочу катышты, 11 шайлоочу кечигип келгендигине байланыштуу уюштуруу комиссиясы тарабынан киргизилген жок.  Шайлоонун жыйынтыгында 2 бюллетень жараксыз болгон жана  Токторов Эгемберди Самидиновичке 141 добуш, Юсупалиев Искандар Камаловичке 5 добуш жана Садиева Динара Аттокуровнага 3 шайлоочу добуш берген.

Фото сюжет