Кыргызстандагы “2005-жылдагы Март окуясы” жана “2010-жылдагы Апрель революциясы”деген темадагы илимий-практикалык семинар өткөрүлдү.

671 13-04-2021 12:41

Программасы:

1.    доц. м.а. Алибаев А. “2005-жылдагы Март окуясынын чыгышынын негизги себептери”.

 

2.    улук окутуучу Анарбаева Д.М. “2010-жылдагы Апрель окуясы – Бакиевдин  режимине каршы көтөрүлгөн элдик көтөрүлүш”.

 

3.    т.и.к., доцент Маматов А. “Кыргызстандагы Март окуясы жана 2010-жылдагы Апрель революциясынын себептери, келип чыгышы жана жыйынтыгы”.


Кыргызстандагы “2005-жылдагы Март окуясы” жана  “2010-жылдагы Апрель революциясы”.

 

 

Март окуясы (2005) – советтик система кыйрагандан кийинки 15 жыл ичинде Кыргызстанда түзүлгөн оор социалдык экономикалык кырдаалга байланыштуу коррупциялашып кеткен бийликтин жүргүзгөн саясатына каршы багытталган жалпы элдик кыймыл.

Март окуясынын башталышына айрыкча 2005-жылы 27-февралдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине  шайлоо учурундагы мыйзам бузуулар, көрүнүктүү коомдук жана мамлекеттик ишмерлердин кандидатураларынын эч негизсиз четтетилиши калк ичинде катуу нааразылык жаратып, элдик толкундоолордун күчөшүнө түрткү берген. Өлкөнүн бардык областтарында, шаарларында митингдер өтүп, 2005-жылы 24-мартта Бишкекте митингчилер Ак үйдү басып алган. Ошентип, 2005-жылдын 24-мартында элдик толкундооолордун арты менен бийлик алмашкан, президент А.Акаев өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон. Андан кийин (2010-ж.) Апрель окуясы Бакиевдин режимине каршы көтөрүлгөн элдик көтөрүлүш болуп өткөн. Жыйынтыгында бийлик оппозициянын колуна өтүп, демократиялык өнүгүүгө жол ачылган, Жаңы конституция кабыл алынып, парламенттик башкаруу системасы киргизилген.

Гуманитардык жана табигый илимдер кафедрасынын  окутуучулар жамааты студенттер менен биргеликте 6-апрель  күнү  Кыргызстандагы “2005-жылдагы Март окуясы” жана  “2010-жылдагы Апрель революциясы” деген темада илимий-практикалык семинар өткөрүштү.

Фото сюжет