«Укуктук Брэйн-ринг»

415 09-04-2021 16:26
  
2021-жылдын 6-апрелинде. Ош мамлекеттик юридикалык институтунун юридикалык колледжинин «Укук таануу» кафедрасы тарабынан  "Жарандык укук жана процесси, жазык укугу жана процесси, Мамлекеттин жана укуктун теориясы, Конституциялык укугу" дисциплиналары боюнча  бүтүрүүчү 3-курстун студенттеринин арасында «Укуктук Брэйн-ринг» аттуу интеллектуалдык таймаш өткөрүлдү.

Бул интеллектуалдык таймашты ОшМЮИнин  юридикалык колледжинин директору, ю.и.к. доц., м.а. Ураимова Толгонай Абдимомуновна ачыпкириш сөз сүйлөдү жана катышуучуларга ийгилик каалады.  Ошону менен бирге Ош шаардык мэриясынын жаштар комитетинин төрагасы да келип оюндун жүрүшүнө чон салымын кошуп, акчалай сыйлыктарын тапшырып кетти. 

        

 Оюнга негизинен 14 студент 4 командага бөлүнүп катышты.

            Таймаштын жүрүшүндө "Укук таануу" кафедрасынын улук окутуучу Юсупова Гулмира, ага окутуучу  Зайиров Алмамбет Хатамалиевич, Абдикеримов Жениш эсептөө комиссиясы болушту. Ал эми модератор кызматын окутуучу Шакирбаева Бегимай Шакирбаевна, Келдибеков Назар  модератор кызматын аткарышты.

            Таймаштын акырынды ОшМЮИнин юридикалык колледжинин "Укук таануу" кафедрасынын башчысы ю.и.к. доц., м.а. Эрматова Асель Кудайбердиевна сөз сүйлөштү жана байгелүү орундарды ээлеген катышуучуларга 1-2-3-орундарга оюнга активдүү катышкандыгы үчүн  акчалай сыйлыктарды тапшырышты.

             Оюндун жыйынтыгы боюнча, төмөнкү студенттер тиешелүү орундарды ээлешкендиги үчүн институттун атынан диплом жана ардак грамоталар менен сыйланышты.

3-орунга Юристтер командасы;

2-орунга Фемида командасы;

1-орунга Закон командасы ээ болушту.





Фото сюжет