МИНИСТРЛИКТИН КӨЧМӨ ЖЫЙЫНЫ ОШТО ӨТТҮ

105 02-04-2021 15:48

31-мартта Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим минис­трли­ги­нин көчмө жыйыны Ош мамлекеттик университетинин алкагында өттү. Жыйын­га министрибиз Алмазбек Бейшеналиев баштаган министрликтин өкүл­­дөрү, баардык жогорку окуу жайлардын ректорлору, кесиптик атайын орто окуу жайлардын директорлору, жергиликтүү билим берүү башкарма­лык­­тарынын жетекчилери, жалпы билим берүү тармактарынын өкүлдөрү катышышты. 

    Аталган жыйынга Ош мамлекеттик юридикалык институтунун ректору, профессор  Э.С.Токторов да жигердүү катышты. Жыйында каралган негизги  маселелер республиканын жалпы билим берүү жаатын, окуу жараяндарын камсыз кылган укуктук-нормативдик актыларды оптималдаштыруу, билим берүү жаатындагы  коррупциянын алдын алуу, билим берүү программаларын аккредитациялоонун жыйынтыгы, келечекте Кыргызстанда жогорку окуу жай­лардын ректорлорунун эл аралык форумун  өткөрүү, «Мектеп – биздин жашыл үйүбүз» - «Школа – наш зеленый дом» аттуу  экологиялык конкурсту өткөрүү  ж.б. болду. Көчмө жыйын ийгилктүү өттү.

Фото сюжет