Ош шаарында “Нооруз-2021” элдик майрамы

100 30-03-2021 08:49
Ош шаарында 21-март “Нооруз” күн менен түн теңелген, жаздын жарчысы болгон элдик майрам борбордук аянтта чоң салтанат менен белгиленди. Майрамдык иш-чара 10:00дө эстрада жылдыздарынын, Ош шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын чыгармачыл топторунун жана жогорку окуу жайларынын катышуусундагы концерттик программа менен башталып, Нооруз майрамына арналган кыргыздын кыз узатуу када-салтын ош мамлекеттик юридикалык институтунун мугалимдери жана студенттери көргөзүп беришти. Ош шаар мэри Таалайбек Сарыбашов кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктап, окуу жайдын таланттуу студенттерине жана окутуучуларына активдүү катышкандыгы үчүн акчалай сыйлык тапшырды.

Фото сюжет