114 26-10-2020 17:32

Бүгүн 2020-жылдын 26-октябрда Ош мамлекеттик юридикалык институтунун Административдик кеңешмесинде күн тартибиндеги маселелердин өзгөчөсү, кече 110 жылдык мааракеси болгон, Кыргызстандын жана Өбекстандын көрүнүктүү партиялык жана мамлекеттик ишмери, ХX кылымдагы кыргыз элинин улуттук лидери Искак Разаков тууралуу илимий угуу болду.

 

ОшМЮИнин ректору Э.С. Токторов Президенттин жарлыгына жараша ОшМЮИде Исхак Раззаковдун 110 жылдык мааракесине карата кеңири илимий-практикалык иш-чаралар жана эл аралык илимий практикалык конференция пландаштырылганын, бирок этдемиологиялык шартка байланыштуу кийинкиге жылдырылганын белгилеп кетти. ОшМЮИнин ректору Э.С. Токторов И.Раззаковдун өмүр таржымалын даңазалоо, үлгүлүү иштерин пропагандалоо максатында ар бир факультетте тиешелүү иш чараларды уюштурууну тапшырды.

 

Профессор Б.К. Абытов жыйындын катышуучударына "Искак Раззаков XX кылымдагы кыргыз элинин улуттук лидери" аттуу илимий баяндама жасады. Ал баяндамасында И. Раззаковдун өмүр таржымалына кеңири токтолуп, эл жерине, мамлекетине кылган кызматын баса белгилеп, андай харизматикалых чыгаан инсандар бүгүнкү Кыргызстандын кыйын кезең мезгилинде керек экендигин баса белгиледи.

Фото сюжет