Юридикалык адабият кыргыз тилинде

710 10-10-2019 15:30

ОшМЮИда 2019-жылы 4-октябрда болуп өткөн «КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТҮҮЛҮГҮНҮН ӨНҮГҮҮСҮНДӨ БАШ МЫЙЗАМДЫН, МАЛЕКЕТТИК ТИЛДИН ОРДУ ЖАНА РОЛУ» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциянын алкагында МУТТ кафедрасынын доцентинин милдетин аткаруучусу Насиров Төрөбай Насировичтин кыргыз тилинде жарыкка чыккан «Мамлекет жана укуктун Ата Мекендик тарыхы» аталыштагы окуу китеби презентацияланды.

Автор өзүнүн китеби жөнүндө баяндап, аталган китеп Кыргызстан боюнча биринчи жолу кыргыз тилинде юридикалык адабият катары чыкканын баса белгилеп кетти. Т.Насиров келген конокторго өзүнүн кол тамгасы менен китебин белекке берди.

Фото сюжет