«Тил тагдыры — эл тагдыры».

739 18-09-2019 19:25

ОшМЮИнин юридикалык колледжинин гуманитардык жана табигый илимдер кафедрасынын окутуучусу Абдылдаева Айнура Аттокуровна 18-сентябрь кн 3-парада кафедранын окутуучуларынын катышуусунда Утк4-18 тайпасына «Тил тагдыры — эл тагдыры» деген темада куратордук саат ътт.

23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү. Мындан туура 30 жыл мурун, тагыраак айтканда 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз-тили мамлекеттик тил деген статуска ээ болуп, ошондон бери бул күн өлкөбүздө тил майрамы катары белгиленип келет.

Анткени ар бир улуттун өзүнүн ыйык өзгөчөлүктөрү болот. Алардын эң башкысы бул –тили. Бүгүн тилин жоготкон эл, эртең элдүүлүгүн жоготот. А элдүүлүгүн жоготкон элде эч качан мамлекеттүүлүк деген түшүнүк болбойт. Башка элдерге сиңип жок болуп кетет. Карт тарыхта жүздөгөн элдердин башка элге сиңип, жок болуп кеткени баарыбызга мааалым. Ошонун баары алгач тилин жоготкон, андан соң дилин жоготкон, анан барып элдүүлүгүн жоготкон. Демек тилибизди көздүн карегиндей сактап, улам байытып, өнүктүрүп өстүрүп туруу ар бир Кыргыз атуулунун ыйык милдети!

Фото сюжет