«Баатырларга таазим»
1476 03-05-2019 13:55Кыргыз
Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик
согуштагы «Жеңиштин 74 жылдыгын» майрамдоо жөнүндө
24.04.2019-жылдын № 476ү1 буйругунун
негизинде, «Баатырларга таазим» -
темасында ОшМЮИнин Адвокатура, башкаруу
жана укук факультетинин жана Тергөө- криминалистика факультеттери тарабынан
уюштурулган Улуу- Ата мекендик согуштун
катышуучуларынын балдары Эшалиева Хализа жана Насиров Т.Н. катышуусунда тегерек
стол өткөрүлдү. Эмгек ардагери Эшалиева Хализа өзүнүн атасы
Эшалиев Дербишалы Улуу-Ата мекендик согуш
башталып, Ата-Мекенди 1941-жылы коргоого кеткендиги. Украина Согуш талаасында
баатырларча курбан болуп, сөөгү кайсыл жерде калгандыгы дайынсыз болгон. Көп
жылдык издөөлөрдүн натыйжасында атасынын дареги табылып, 2016- жылы Алай
районун Үч-Дөбө айылында эстелиги орнотулду.
Ал эми Насиров Т.Н.өзүнүн атасынын жаркын
элесине арнап жазган «Жоокердин тагдыры» аттуу китеби жөнүндө жана согуш
башталгандан акырына чейин Ала – Тоодон барышкан эр азаматтардын өлбөс – өчпөс
эрдиктерди жаратышкандыгы тууралуу
баяндама берди.
Фото сюжет





