ОшМЮде ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ
2065 31-05-2018 12:34ОшМЮде
ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ
2018-жылдын 30-майында Ош мамлекеттик юридикалык институтунда «Ааламдашуу жараянынын алкагында улуттук
мамлекеттердин өнүгүүсү» - аттуу эл
аралык илимий-практикалык конференция өттү.
Конференциянын
ишине Беларуссия, Россия, Кытай,
Казахстан, Өзбекстан, Кыргызстандын жогорку окуу жайларынан баардыгы болуп 151 илимий баяндамалар келип түштү. Алардын ичинен 12 баяндама Россиядан, 6
Казахстандан, 6 Өзбекстандан, 1 Беларуссиядан, 1
Кытайдан, 24 баяндама Кыргызстандын
жогорку окуу жайларынан жана 101 ОшМЮИнин
ОПК келип түштү.
Илимий-практикалык конференциянын алкагында Ош мамлекеттик юридикалык институту
менен Республика Өзбекстандын Андижан мамлекеттик университети
менен эки тараптуу кызматташуу туралуу Меморандумга кол коюлду.
«Ааламдашуу
жараянынын алкагында улуттук мамлекеттердин өнүгүүсү»
- аттуу эл аралык илимий-практикалык
конференцияда төмөнкү багыттар боюнча маселелер каралды:
1. Учурдагы
улуттук мамлекеттүүлүк, анын негизги
институттары, алардын саясий, укуктук негиздери.
2. Мамлекеттин бийлик бутактары: алардын карым
катнаштары, укуктук базалары жана көйгөйлөрү.
3. Дүйнө мамлекеттеринин өз коопсуздугун камсыз
кылуусунун, эл аралык терроризмге, диний экстремизмге жана радикализмге
каршы күрөшүүсүнүн тажрыйбалары.
4. Учурдагы
гуманитардык жана так илимдердин көйгөйлүү маселелери.
Биздин
институттун алкагында өткөн эл аралык илимий-практикалык конференция негизинен өз максатына толук жетти.
Ош мамлекеттик юридикалык институтунун ректору, профессор Э.С. Токторов жана Республика Өзбекстандын Андижан мамлекеттик университетинин илимий иштер боюнча проректору
Б.М. Расулов эки окуу жайдын кызматташуусу боюнча Меморандум алмашуу чурунда.
Конференциянын китеп көргөзмөсү
«Ааламдашуу
жараянынын алкагында улуттук мамлекеттердин өнүгүүсү»
- аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциянын ачылуу аземи
ОшМЮИнин
ректору Э.С. Токторов баяндама кылууда
Конференциянын
Президиуму иш учурунда
Президиум иш учурунда
Конференциянын коногу, тарых илимдеринин доктору, профессор Андижан
мамлекеттик университетинин илимий иштер боюнча проректору
Расулов
Бахтиер Махмуджонович доклад жасоодо.
Кыргыз
Республикасынын Борбордук шайлоо
комиссиясынын мүчөсү, юридика илимдеринин доктору, профессор, Осмоналиев Кайрат Медербекович маани-маңыздуу
илимий доклад жасоодо.
Конференциянын ардактуу коногу, техника илимдеринин доктору, профессор, ОшТУнун ректору
Абидов Абдыкадыр Оморович куттуктоо сөзү менен.
Конференциянын
коногу, тарых илимдеринин кандидаты, профессор
К. Токтоматов атындагы Эл аралык университеттин “Философия” кафедрасынын
башчысы Дуйшеев Жеңишбек Аметисакович
ОшМЮИнин
доценти Т. Насиров илимий баяндама менен трибунада
Тарых илимдеринин доктору, профессор, ОшМЮИнин илимий иштери боюнча
проректору Абытов Байболот Капарович илимий доклад жасоодо
Илимий-практикалык конференциядан
бир көрүнүш
Фото сюжет





