Ош мамлекеттик юридикалык институтунда уюштурулган ишембилик

1692 12-05-2018 10:35


  Кыргыз Республикасынын Президентинин “2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылы “ Жарлыгын ишке ашыруу максатында   КР ББИМ 2018-жылдын 5-мартындагы № 262/1 буйругунун негизинде  2018-жылдын 1-мартынан 31-майына чейин  республиканын шаарларынын жана калктуу конуштарынын аймактарын санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча  Ош мамлекеттик юридикалык институтунун окутуучу-профессордук курамы жана студенттери “ Таза жашоо” урааны алдында төмөнкү иш-чаралардын пландарын бекитип, ар жумада өткөрүлө турган иш-чараларды  өз убагында  аткарышты.

 

Иш чаралар

мөөнөтү

аткаруучулар

жооптулар

1.

2018-жылдын 1-мартынан, 30-майга чейин ар бир окуу корпустарында жума сайын  ишембилик өткөрүү.

1-марттан, 30-майга чейин.

АЧДнын кызматкерлери окутуучу профессордук  курам жана студенттер

2.

Студенттик жатакананын  ичтерин , дарактарын,бардюрларын жана латокторун актап тазалоо.

март,апрель, май.

Студенттер, комендант

3

Шаардын Салиева көчөсүндөгү арыктарды тазалоо жана гүлдөрдү отургузуу.

март

Студенттер жана окутуучулар

4.

Окуу корпусунун бактарына гулдөрдү отургузуу жана суугару.

ар айда

АЧД кызматкерлери

5.

Ак – Буура дарыясынын  жээктерин тазалоо.

жума сайын

кураторлор

6.

Таза-жашоо урааны алдында ишемби күндөрү ишембилик акцияларын жана флешмобдорду  уюштуруу.

жума сайын

Студенттер, окутуучулар

7.

Студенттерди жана шаардын жаштарын таза жашоого чакыруу үчүн дубал газеталарды жана лозунгдарды чыгаруу

 

март.апрель

Студентер, жаштар комитети

8

Аткарылган иш чаралар боюнча отчетторду даярдоо жана сайттарга жиберүү.

жума сайын

Окутуучулар, студенттер.

 

 

1.     2018-жылдын 1-мартынан, 30-майга чейин ар бир окуу корпустарында жума сайын өткөрүлүүчү ишембиликтер  план боюнча аткарылууда:  ОшМЮИнин  окуу корпустарында жума сайын студенттер тарабынан окуу аудиторияларын,лекциялык залдарды тазалоо үчүн ишембиликтер уюштурулду. Ишембиликке бир гана студенттер эмес ректор баш болгон окутуучу-профессордук курамы да катышты.Студенттерди окуу корпустарында тазалыкты сактоо үчүн  студенттик ураандары илишти.

2.     ОшМЮИнин 4чү корпусу болгон студенттик жатаканада ишембилик жума сайын уюштурулууда: Студенттер “ таза бөлмө” ,”таза жатакана” аттуу номинацияларды уюштуруп студенттер арасында санитардык жарышууларды уюштурууда. Жатакананын дарактарын көрктөндүрүү,суугаруу, жашылдандыруу жана латокторду актап тазалоо иштери аткарылды.

3.     Ош шаардык мэриясы тарабынан институтка бөлүнүп берилген Салиева көчөсүнүн  четки арыктары тазаланып,гул көчөттөрү отургузулду.Тазаланган арыктарды мэриянын атайын өкүлдөрү келишип кабыл алышты жана видео тасмаларга тартып алды.Шаарды тазалоо менен студенттер шаардын жашоочуларын таза кармоого  үндөштү.

4.     ОшМЮИнин 1-2- 3- окуу корпустарына 400 даанадан ашык ар түрдүү гулдөрдүн көчөттөрүү отургузулду жана гулдөрдүү сугаруу үчүн арыктар чабылып тазаланды. Гулдөрдү кароо үчүн атайынкы студенттик топтор түзүлдү.

5.     Ош шаардык мэриясынан бөлүнүп берилген экинчи обьект катары”Жаны кыштак” айылынын Касымбеков көчөсүнүн көпүрөсүнөн Ак- Буура дарыясын жогору карай оң жана сол жээктери тазаланды.Жума сайын студенттик тайпалардан студенттери барып тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

6.     Студенттер Таза-жашоо урааны алдында ишемби күндөрү ишембилик акцияларын жана флешмобдорду  уюштурууда  жана шаардагы башка окуу жайлардын студенттери менен бирдикте.

7.     Студенттерди жана шаардын жаштарын таза жашоого чакыруу үчүн, дубал газеталар жана лозунгдар чыгарылып илинди.

Аткарылган иш чаралар боюнча отчеттор даярдалынып ОшМЮИнин административдик жыйындарында талкууланды, Ош шаарынын мэриясына маалымат берилди,  интердин социалдык тармактарына жана ОшМЮИнин негизги сайтына илинди.

Фото сюжет